Казакстан Кыргызстан тарабынан тастыкталган продукцияга тыюу салууну убактылуу токтотту

Коңшу Казакстандын вице-премьер-министри Серик Жумангарин Соода жана интеграция министрлиги тарабынан иштелип чыккан “Продукцияны чыгаруунун жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” өкмөттүн токтомунун долбооруна комментарий берди.

"Биринчиден, маселе Кыргызстанда эле эмес, ар бир мамлекетте бар. Мен соода министрлигинин чечими эрте деп ойлойм. Токтомдун долбоору өкмөттүн чечими эмес. Бекитүү туура эмес жүргүзүлүп, биз аны токтоттук”, - деди Жумангарин өкмөт жыйынынын алкагында журналисттерге берген маегинде.

Вице-премьер-министрдин айтымында, бул сүйлөшүүнү талап кылган маселе жана бул процесс азыртадан эле жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Казакстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда лицензиясы бар продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга тыюу салынары айтылган. Буга чейин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитети Кыргызстанда сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди мыйзам бузуулар менен жана тиешелүү сыноолорду өткөрбөстөн берип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан