27 жаштагы казакстандык Олимпиада чемпиону каза болду

Коңшу казакстандык балбан Мухамбет Куатбек 27 жашында каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Ал АКШнын Филадельфия шаарында 16-мартта каза болгон. Балбандын өлүмүнүн себеби так айтылган жок. Учурда анын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүүдө.

Мухамбет Куатбек 2014-жылы Кытайдын Нанкин шаарында өткөн жаштар арасындагы Олимпиада чемпионунда алтын байге уткан. Анда ал 54 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Мухамбет Куатбек ошондой эле жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байге ээси болуп, эки жолу өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан