Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 117ге көбөйдү 

Бүгүн, 20-мартта Ош шаардык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Административдик-аймактык реформа алкагында Ош шаардык кеңешиндеги депутаттардын саны 117ге жетти, буга чейин 45 депутат болгон.

Шаардык кеңештин мурдагы 45 депутатына Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 31 депутат, Төлөйкөн айыл аймагынан 31, Нариман айыл аймагынан 7, Шарк айыл аймагынан 3 депутат кошулган.

Ал эми жаңы кошулган кээ бир депутаттар "мыйзамсыз отурабыз" деп сессиядан чыгып кетишкен.

Депутаттар Ош шаарына кошулган аймактардын депутаттарын шаардык кеңешинин депутатары менен бирге иштөөгө макулдук берүү маселесин колдошту.

Белгилей кетсек, 2023-жылы административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарына бир нече айыл кошулган.

Мыйзам боюнча административдик-аймактык бирдиктердин чек арасы өзгөргөндө, ал жердеги жергиликтүү кеңеш таратылышы керек. Бирок бул пилоттук долбоор катары ишке ашып жатканына байланыштуу депутаттардын ыйгарым укугу сакталып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан