Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Бүгүн, 20-мартта президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, комиссиянын күн тартибинде тарых илимине тиешелүү маселелер жана көйгөйлөр, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо каралды.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамы президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 28-февралындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан