Төрага Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 20-мартта Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, академик Асылбек Алтымышбаев атындагы Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, андан соң Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Жолугушууда ал илимдин орду өзгөчө экенин белгилеп, азыркы тапта Улуттук илимдер академиясы чоң реформага муктаж экенин, академияны реформалоо үчүн тармакты тейлеген министрликке өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

"Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл", - деди Шакиев.

Муну менен катар жыйын суроо-жооп иретинде уланып, Улуттук илимдер академиясында эмгектенгендердин айлык маянасы өтө аз экени негизги көйгөй катары көтөрүлдү. Андан тышкары тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана академиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери да айтылды.

Төрага айтылган ар бир маселе боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, анын ичинен окумуштуулардын айлык маянасын жогорулатуу талабына өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Ошондой эле академияда сакталып турган тарыхый кол жазмаларды санариптештирип, кам көрүү керектигине токтолду.

Жолугушуунун алкагында Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясына заманбап компьютер каражаттарын белек кылды.

Кошумчалай кетсек, Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме 20-кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан