Бүгүн, 20-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын ишинен кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, компаниянын кеңсесине мамлекет башчысы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышуудан соң баш бакты. Эки компания бир көп кабаттуу имаратта жайгашкан.
"Президент Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесин карап, келген жарандар менен баарлашты", - деди Алагозов.