Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиргенин жергиликтүү басылмалардын бири жазды.
Алардын маалыматына караганда, бүгүн, 20-мартта УКМКнын кызматкерлери Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулованы 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.
Кадыркулова менен бирге мамлекеттик айыптоочу кармалып, бирок ал кийинчерээк бошотулган.
Эске салсак, 2021-жылы өлкөнүн Жогорку сотунун имаратынын жанында судья Кадыркуловага каршы митинг өткөн. Анда катышуучулар анын иш боюнча адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.