Өзбекстанда жеңеси үй тапшырмасын аткарбаганы үчүн кайын сиңдисин сабап өлтүрүп салды

Коңшу Өзбекстандын Букин районунда аял алты жаштагы кайын сиңдисин үй тапшырмасын аткарбаганы үчүн өзгөчө мыкаачылык менен сабап, кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Окуя 12-мартта болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аялдын ачуулануусуна кайын сиңдисинин үй тапшырмасын аткарбай, жеңесине калп айтканы себеп болгон. Кыздын алдаганына ачууланган аял алгач аны өтө мыкаачылык менен чымчып, андан соң таяк менен сабаган. Кыз райондук медицина бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 15-мартта эсине келбей каза болгон.

Кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн.

Шектүү азыр камакта. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан