“Суу тартыштыгы байкалган мезгилде жашап жатабыз”. Президент майрамдык куттуктоосунда суу маселесине токтолду

Бүгүн, 21-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат.

Анда президент Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы өз сөзүндө быйылкы жылы ГЭСтер оңдолуп, жаңылары курулуп жатканын белгиледи.

“Өткөн жылы өлкө аймагындагы сугат каналдарын тазалоо иштерин колго алсак, бул жылы БДР менен БСРлерди калыбына келтирүү, жаңыларын куруу иштерин жолго коюунун камын көрүп жатабыз. Ошону менен бирге ирригациялык курулмаларды оңдоо, айылдарды таза суу менен камсыздоо системасынын курулушун жүргүзүүгө басым жасайлы деп турабыз.

Планетада климат өзгөрүп, барган сайын суу тартыштыгы байкала баштаган маалда жашап жатабыз. Ошентсе да, биздин ата-бабаларыбыз “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор” деп суунун баркын эчак эле эки сөз менен таасын белгилеп коюшкан экен. Мына ошондуктан өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы болгон сууну жана энергетикалык ресурстарды ары сарамжал, ары туура пайдаланууну башкы максат кылып келатабыз.

Борбор Азияда суу башы атыккан мамлекетибизде быйыл ГЭСтердин кубаттуулугун арттыруу, модернизациялоо жаатында дагы бир топ натыйжалар күтүлүүдө. Буюрса, жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз. Ал эми Кыргызстан эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн дагы мааниси зор, кылым курулушу атыккан “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолот. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул ГЭСибизди куруп алсак, эл аралык “КАСА-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла артат!”, - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан