Садыр Жапаров быйыл өлкөдө 100 ири объект ачыларын айтты

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ири объект ачуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров “Ала-Тоо” аянтында белгиленип жаткан майрамдык салтанатта айтты.

Тарыхы болбой, эл болбойт” дейт эмеспи элибизде. 30 кылымдан ашуун байманалуу, дөөлөттүү, сөөлөттүү тарыхыбызды илимпоздорубуз иликтеп, изилдеп, кайсы жер болбосун, архивдик документтер аркылуу тастыктоонун аракетин көрүшүүдө. Ал иш-аракеттер өз нугу менен кетип жатат.

Мен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгонумду билесиздер.
Быйыл ошол жүз жылдык даңазалуу тарыхыбызга таазим кылып, ага салым кошкон ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгектерин белгилөөнүн алдында турабыз.
Бул 100 жылдык мааракеге байланыштуу өлкөдө 100 ири объектини ачууну мерчемдеп жатабыз. Буюрса тилегибизди ишке ашырып, бабалар баскан даңазалуу жолго сый-урматыбызды көрсөтөбүз”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан