АКШнын президенти Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Байден президент Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президенттин администрациясынан билдиришти.

Урматтуу президент мырза! Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан сизге жана Кыргыз элине Нооруз майрамын белгилеген маалда эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Ушул жыл мезгилинде адам ойго батып, жаңылануу келип турган учурда АКШ бул майрамды жана жаздын кирип келишин кыргыз эли менен бирге тосуп алганга кубанычта. Келе жаткан жылда мен сиздердин өлкөдө жана бүткүл чөлкөмдө бейпилдикти жана гүлдөп-өсүүнү мындан ары да алдыга жылдыруу үчүн биздин кызматташтыгыбызды жана өз ара иш-аракеттерибизди тереңдетүүнүн жаңы жолдорун табууну көздөйм. Нооруз майрамыңыз кут болсун!”, - деп Байден куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан