Япония Владимир Путинди Орусиянын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктабайт. Бул тууралуу РИА Новостиге Япониянын Тышкы иштер министрлиги билдирген.
"Япон өкмөтү президент Путинге кайрадан президенттикке шайланышы менен эч кандай куттуктоо жөнөткөн жок. Биз башка эч кандай комментарий бере албайбыз", - деп билдирген Япониянын Тышкы иштер министрлиги.
Орусияда президенттик шайлоо үч күн бою, 15, 16 жана 17-мартта өттү. Шайлоого төрт талапкер катышты: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча азыркы президент 87,28 пайыз добуш алды. Харитонов экинчи, Даванков үчүнчү, Слуцкий төртүнчү орунду ээлешти. Шайлоого катышуу рекорддук көрсөткүч болуп, 77,44 пайызды түздү. Шайлоочулардын жалпы саны 87 миллион 113 миң 127 адамга жетти.