"Байкоңурдан" Эл аралык космос станциясына Союз МС-25 башкарылган космостук кемеси менен орусиялык "Союз-2.1а" ракетасын учурууга бир нече секунд калганда токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Роскосмостон билдиришкендей, учуруу алдындагы даярдыктын акыркы этабында авариялык кырдаал болгон (химиялык ток булагында чыңалуу төмөндөп кеткен).
"Союздун" бортунда орусиялык Олег Новицкий, беларустук Марина Василевская жана америкалык Трейси Дайсон болгон. Василевская Беларустун тарыхында биринчи аял космонавт болушу керек эле.
"Союз-2.1а" ракетасын учуруу эртең, 23-мартка жылдырылды.