Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки жаран кармалды

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына адвокат Айсулуу Ибраимова билдирди.

Ал билдиргендей, акыйкатчы Жамилия Жаманбаева окуя тууралуу билдиргенден кийин жабырлануучу менен кылмышкер эки жигиттин ортосунда жаңжал чыккан.

ектүү делип кармалган эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөчүнүн аракетсиздиги боюнча өспүрүмдүн ата-энеси да прокуратурага кайрылышкан. Азыр кыздын психологиялык абалы абдан начар. Ал "Сезим" кризистик борборунан жардам алууда", - деди Айсулуу Ибраимова.

Жактоочу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жабырлануучу 15 жашта деген маалыматын жокко чыгарды. Ибраимованын айтымында, кыз зордукталган учурда 13 жашта болсо, азыр 14 жашта. Кыйноо былтыркы жылдын апрелинен быйылкы жылдын январына чейин болгон.

Ошондой эле адвокат дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы даяр болгонун, кыз 9 эмес, 10 баланын атын атаганын кошумчалады.

Эске салсак, 20-мартта зордукталган кыздын ата-энеси Акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү суранышкан. Мындан тышкары алар укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чара көрбөй жаткандыгын айтышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан