"Унаага салып барып". Сокулукта 13 жаштагы кызды 9 эркек бир жыл бою зордуктап келгени айтылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокурор жана ИИМ жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Бүгүн, 20-мартта кыздын ата-энеси Акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

Кыздын апасы ыйлып, алардын үй-бүлөсүн жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн балдардын туугандары коркутуп, кысым көрсөтүп жатышканын айтып берди.

Апасынын айтымында, Сокулукта 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын 19-22 жаштагы 9 жигит системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп 20 күндөн кийин гана табылган.
Жоголгон кыз табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген.

Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.

Бирок Сокулук РИИБ тарабынан, жабыр тарткандардын айтуусу боюнча, ушул жылдын февраль айынан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер көрүлбөй жатат.

Белгилүү болгондой, 13 жашар кызды 2023-жылы апрель айында 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып кетип шаардын четине алып барып зордуктаган.

Кызды "Окуя тууралуу бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем деп коркуткан. Андан кийин талаада жалгыз таштап кеткен. Анан кайра келип, кызды шок абалда Сокулукка алып келип, досуна үйүнө жеткирип кой деп таштап кеткен.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтып беребиз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон колго өткөрүп беришкен. Алар жыл бою системалуу түрдө кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн", - деп аял кызынын кандай кордук көргөнүн ыйлап айтып берген.

Кыздын ата-энеси кызын сактап калууга жана адилеттик табууга аракет кылууда. Кыздын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек болгон. Ал учурда ооруканада.

Жашы жете элек кыздын ата-энеси күнөөлүүлөргө карата кылмыш иши козголдубу жана алар жоопкерчиликке тартылаарын билбейт.

"Бул учурда кызды системалуу түрдө зордуктап жүргөн жигиттердин туугандары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүшүп, коркутуп-үркүтүп келишкен. Үй-бүлөдөгү башка балдарга да коркутуулар болгон. Ошондой күнөөлүү балдардын биринин иниси мектепте окуя тууралуу ушак тараткан үчүн кыздын сиңдисин балдар шылдыңдап, ага карта да кысым болуп жатат.
Кыздын апасы бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жардам берүүнү суранат", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, 9 жигиттин бири алардын бири менен "нике" кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн токтоосуз чара көрүү талабы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан