Мигранттар массалык түрдө АКШнын аймагына секирип кирүүгө аракет кылышты

100дөн ашуун мигрант АКШга кирүүгө аракет кылып, Техас улуттук гвардиясынын кызматкерлерин тээп, тосмолордон секирип өтүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мигранттар зым тосмолорду бузуп, Улуттук гвардиянын офицерлерин тээп кулатып, Мексика менен чек арадагы дубалды көздөй чуркашкан. Техас штатынын Улуттук гвардиясы элди майда топторго бөлүүгө аракет кылган. Алар аялдар менен балдарды өзүнчө топторго бөлүп жатканда кырдаал курчуп кеткен.

"Бул мыйзамсыз мигранттар Техас штатында кылмыш кылышты. Коомдук коопсуздук департаментине кылмыштуулукка жана мүлктү жок кылууга катышкан ар бир адамды камакка алуу тапшырмасы берилди”, - деп айтылат штаттын губернаторунун билдирүүсүндө.

Басылманын маалыматы боюнча, чек арада штаттарга кирүүнү каалаган 600дөй мигрант болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан