Сокулукта 13 жашар кызды зордуктоого шектелген эки жаран бир айга камакка алынды 

Чүйдө 13 жашар кызды зордуктоого шектелген эки жаран бир айга камакка алынды. Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 22-мартта Сокулук райондук сотунда каралды.

Кармалган балдардын ата-энелеринин айтымында, экөө тең 18 жашта. Алардын баш коргоо чарасы жабык эшик артында каралды.

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктады делген 9 баланын биринин апасы кыз тарап туура эмес маалымат таратып, жалаа жаап жаткандыгын айткан.

Эске салсак, Акыйкатчы институту 20-мартта Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөнүн маалымдаган.

Андагы маалыматка караганда, алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан. Кыздын ата-энеси акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Буга улай эле Чүй облустук милициясы бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан