Түркмөнстанда кээ бирлерине орозо кармоого тыюу салынды

Түркмөнстанда айрым мектептердин окуучулары менен жогорку окуу жайлардын студенттерине орозо кармоого тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, билим берүү кызматкерлери тыюуну окуучулар ачкачылыктан эстен танып калышы мүмкүн деп түшүндүрүүдө. Мындай тыюу киргенден кийин апта башында айрым студенттер оозун ачууга мажбур болгон. Алар орозо кармоого тыюу салуу менен бийлик алардын дин тутуу эркиндигине шек келтирип жатканын айтып, нааразычылык жарыялаган.

"Орозо башталганы түркмөн бийлиги өлкөнүн ар кайсы аймактарында карама-каршы чектөөлөрдү жана талаптарды киргизүүдө. Буга чейин Ашхабадда коопсуздук кызматкерлери ашыкча динчил адамдарды издеп, текшерүүлөр мечиттерде жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөнүн Лебап облусунун жергиликтүү бийлиги мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, аларды экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдон үлгү алып, орозо кармоого үндөгөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан