Москва шаарындагы Crocus City Hall концерттик залындагы терактыдан 60тан ашык адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Орусиянын Тергөө комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда ок атуудан жабыркап ооруканага түшкөндөрдүн саны 115 киши болсо, алардын бешөө балдар. Ал эми 60 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
"Каза болгондордун сөөгү экспертизадан өткөрүлүүдө. Буга чейин теракттын кесепетинен 40 адам каза болгону аныкталган. Тилекке каршы, бул сан көбөйүп, көз жумгандар 60тан ашты. Бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, жума күнү кечинде аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. Мындан улам Орусиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.