Москва шаарындагы “Крокус Сити Холлдун” түндө болгон каргашалуу окуядан кийинки таңкы көрүнүшү жарыяланды. Андагы кадрлар менен Орусиянын жергиликтүү басылмалары бөлүшүүдө.
Ага ылайык, концерттик залдын жогорку кабаттары толугу менен күйүп кеткен.
"Имараттын чатырынан коюу түтүн уланууда. Бизнес борбордун айланасы коопсуздук күчтөрү тарабынан тосулган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрт менен күрөшүүнү улантууда. Бирок жалын негизинен өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Орусиянын ӨКМи "Крокус Ситидеги" өрттү өчүрүүгө 477 адам, 183 техника тартылганын кошумчалады.