"Коркунучтуу". Күбөлөр "Крокустагы" террорчулар тууралуу айтып беришти

Москвадагы "Крокус Ситиде" теракт уюштургандар сакалчан адамдар болушкан. Бул тууралуу Орусиянын RT агенттигине окуяга күбө болгондор айтып беришкен.

Окуяга күбө болгон аялдын айтымында, сакалчан бронежилет кийген адамдар "Крокус Ситиге" түз эле пулёмет менен кирип келишкен.

"Алар кирип келип эле пулёмет менен ок чыгара башташты. Андан кийин дароо өрт башталды. Алар абдан коркунучтуу болду.

Алгач эч нерсени түшүнгөн жокпуз, анан эле элдер "Эшиктерди жапкыла" дегенде качып жөнөдүк", - деген күбөлөрдүн бири.

Ал чуркап чыгып баратканда залда адамдар канжалап жатканын кошумчалаган.

Телеграм каналдар кеминде беш террорчу болгонун кабарлашууда. Алар дагы эле "Крокус Ситиде" болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан