"Крокус" кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жаткандыгы айтылууда 

Социалдык тармактарга Москва шаарындагы терактан кийин "Крокус" кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышууда.

Бул маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жоголуп жаткан кыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканы менен тастыктады. Министрлик Орусия бийлиги учурда тизмени жаңылоо иштерин улантып жатканы кошумчалады.

"Учурда элчиликтин кызматкерлери 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Майза Гүлжигит кызын издеп жатышат. Кыздар менен эч кандай байланышы жок. Бирок алар каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмесинде да жок", - дешти ТИМден.

Буга чейин ТИМ жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталбаганын билдирген.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москва шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында ок атуу орун алган. Анда белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта жарылуу болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан