Бүгүн, 25-мартка карата №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз келе элек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган.
Ал эми №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 15ке жетти.