Криштиану Роналду бомбардир болгонуна карабай Сауд Арабияда эң начар футболчу аталды

Португалия курама командасынын жылдыз чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпионатында маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири боюнча эң начар футболчу болуп табылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Sofascore версиясы боюнча, португалиялык футболчу Сауд Арабия чемпионатында бир сезондо колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн саны боюнча лидер болду. Тактап айтканда, Роналду 20 гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бул башка футболчулардыкына караганда көп.

Бул көрсөткүч боюнча Криштиану Роналдудан кийинки экинчи орунда "Аль-Хилалдын" чабуулчусу Александр Митрович турат. Ал 19 мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган.

Үчүнчү орунду “Аль-Иттифактын” чабуулчусу Мусса Дембеле толуктады, ал 15 мүмкүнчүлүктү голго айланта алган эмес.

Ошол эле учурда Роналду Сауд Арабия чемпионатынын бомбардири болуп саналат – бул сезондо ал 22 беттеште 23 гол киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан