Акылбек Жапаров “Яндекс” бизнес тобунун башкы директорун кабыл алды

Бүгүн, 26-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Яндекс" бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөөгө даяр инвесторлорго өнүгүү үчүн мамлекет бардык шарттарды түзөрүн айтып, “Яндекс таксинин” тиркемесине айдоочулар үчүн автоматташтырылган салык отчетун киргизүүнү, ал маалыматтарды салык органдарына дароо берүү функциясынын зарылдыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик бардык тургуну Яндекстин кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу иштерин айтты. Ошондой эле Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн жана Яндекс өлкөдө өз кызматтарын мындан ары жакшыртууну көздөп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, ата мекендик маалымат рыногу менен консультацияларды өткөрүү үчүн жасалма интеллект жана IT чөйрөсүндөгү алдыңкы россиялык адистерди өлкөгө жөнөтүү макулдашылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан