"Бири-бирин таанычу эмес". "Крокус Ситиге" кол салган террорчуларды так ким жетектегени белгилүү болду

Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы терактты Шамсидин Фаридуни жетектегенин аныктады. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.

Орусиянын Тергөө комитети аныктагандай, Шамсидин Фаридуни Орусияга 4-мартта келген. Ал кураторлордон бардык көрсөтмөлөрдү алып, калган террорчуларга маалымат берген. Ал ошондой эле чабуулдун планын даярдаган. Кылмышты пландаганга чейин террорчулар бири-бирин таанычу эмес. Алардын баары ар бөлөк жашачу.

Сурак маалында Фаридуни теракт үчүн жарым миллион рубль төлөп берүү убадаланганын айткан. Андан кийин акча иш боюнча төрт террорчуга бөлүнгөн. Кармоо маалында Фаридуни өз көрсөтмөсүндө чаташкан. Алгач ал миллион рубль, андан кийин 500 миң рубль деп билдирген. Натыйжада террорчулар куратордон 250 миң рубль алдын ала төлөм алышканы аныкталган.

Буга чейин Шамсидин Фаридуни "Крокуска" 7-мартта келгени белгилүү болгон. Аны жергиликтүү фотограф тартып алган. Жалпысынан кылмышкер террордук чабуулга чейин концерт өтүүчү жайга кеминде беш жолу барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан