АКШнын Мэриленд штатында контейнердик кеме көпүрөнү сүзүп, бир нече унаа сууга кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, шейшембиге караган түнү Балтимордо болгон. Анда узундугу 2,57 чакырымга жеткен Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүн Сингапурдун "Дали" контейнердик кемеси сүзүп, натыйжада көпүрөнүн бардык конструкциялары урап түшкөн. Көпүрөнүн бир бөлүгү контейнердик кемеге кулап, окуя болгон жерде жүк ташуучу кеме да чөгүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, сууда кеминде 7 адам болушу мүмкүн.
Окуянын кесепетинен жабыркагандар бар экени, ондон ашык унаанын сууга чөгүп кеткени айтылууда. Учурда эки тарапка тең жол кыймылы жабык.