№7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга үч киши арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош округунан талапкерлигин алгачкы жолу кечээ, 25-мартта Авазбек Абдугапаров көрсөткөн эле. Учурда аталган округдан депутат болууну каалагандардын саны үчкө жетти. Алар: Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов.
Ошентип Жогоку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордун жалпы саны 23 адам болду.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Ал эми талапкерлерди көрсөтүү 28-мартта жыйынтыкталат.