Депутат Масалиев: "Мадумаровду бүгүн бошотушу мүмкүн"

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун соту уланууда.

Сотко келген Мадумаровдун партиялашы депутат Исхак Масалиев судья прокурор сурагандан жогору жаза колдоно албай турганын айтты

"Айыптоочу айткандай кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен болсо, иш сотко жетпей эле кыскартылышы керек болчу. Мыйзамда мындай учурда "кылмыш ишин кыскартсын" деп так жазылган.

Ошондуктан Мадумаровду бошотушу керек эле да. Балким бүгүн бошотушу мүмкүн. Болбосо кийинки отурумда бошотушу мүмкүн. Бирок сотторду башкарып аткандар кандай айтса, ошондой болот", - деди Масалиев.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүшкөнү маалым болгон.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Биринчи май райондук соту 26.03.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан