ТИМ: "Кыргызстандын 40 жараны Орусиянын аймагына киргизилген жок"

Тышкы иштер министрлиги Москванын "Шереметьево" эл аралык аэропортунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-мартта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери "Шереметьево" аэропоруна барып, Орусиянын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана "Аэрофлот" авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Анда Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз жарандары тамак-аш жана суу менен камсыз болуп жатканы аныкталды.

"Учурда 40 мекендешибиз мекенге жөнөтүүнү күтүп жатат. Бул жарандар авиакомпаниялардын жакынкы каттамдары менен Кыргызстанга жеткирилет.

Бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан