"Экология жана искусство". Бишкектин көчөлөрүндө капкактан жасалган портреттер пайда болду

Биздин өлкөдө жалпы эле дүйнө жүзүндө таштанды орчунду көйгөйлөрдүн катарында. Ал нерседен арылуу үчүн ар кандай идеяларды айтып келишет. Ал эми "Кадам" долбоорунун уюштуруучулары экологияга пайда алып келүү максатында ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүшүнө өз деңгээлинде салым кошкон адамдардын сүрөтүн чагылдырган мозаика жаратышты. Бул сүрөттөрдү Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн көрүүгө болот.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай мозаикалар жакынкы күндөрү региондорго дагы жасалат. Эмгекти жаратууда сүрөтчүлөр жалаң гана бөтөлкөнүн капкагын колдонушкан. Бул доолбордун негизги максаты экология менен искусствону бирдей өнүктүрүү. Жаратылышка зыян берген калдыктарды керектүү жакка колдонуп, ошону менен бирге өлкөгө салым кошкон адамдары унутта калтырбай, аларды элдин эсине салуу болуп эсептелет.

Бүгүн, 27-мартта дал ушул "Кадам" долбоорунун сүрөтчүлөрү эмгектери менен тааныштырды. Иш-чарада алар сүрөттөгү каармандарды тандоодо эмнеге көңүл бурганын, кандай кылып жасаганын айтып беришти.

"Кадам" долбоорунун идеясы айти, өлкөнүн таштанды таштоочу жайларына түшүп жаткан тиричилик калдыктарын азайтуу боюнча "Tazar" демилгесинин тең негиздөөчүсү Айнура Сагынга таандык.

Ал эми мындай портреттерди жараткан сүрөтчү Димитрий Петровский. Анын айтымында, эмгекти жаратууга 42 миң бөтөлкө капкактары кеткен, ар бир сүрөт 3 метрден 4 метрге чейинки орундукту ээлейт.

Портреттеги каармандарды тандоодо журналист Рахат Асангулова иш алып барган. Каарманды тандоодо ал карапайым, бирок өз жумушунун мыкты адистерине көңүл бурган.

Долбоор үчүн сүрөттөр документалист Баястан Сабыров тарабынан тартылган, ал өзүнүн күндөлүк турмушунда шаардын жана тургундардын визуалдык образдарын сүрөткө тартып турат.

Мозаикадагы биринчи каарман сүрөтчү, архитектор, сынчы Улан Жапаров. Ал борбордук Азиянын сүрөтчүлөрүнүн арасында негизги фигура болуп саналат. Ошондой эле 1990-жылдардын башынан бери ондогон сүрөтчүлөргө ар кандай долбоорлорду иштеп чыгууга колдоо көрсөткөн.

Экинчи каарман 28 жылдан бери "Шоро" компаниясында эмгектинип келген Айнура Исаева. Анын үйүндө шоронун тарыхы бар десек болот. Исаева аталган компанияга иштеп баштагандан бери шоронун логотип, фартук, стакандарын, жакшы көрсөткүчтөрү үчүн грамоталарын барын сактап жүргөн.
Андан үнөмдүүлүктү, көрөгөчтүктү жана алдын ала сезе билүүнү көрүшкөн. Мындан улам ишине берилген айым катарында анын сүрөтүн тартышкан.

Жибек Каракеева шаарды тазалоо боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасынын уникалдуу басма сөз катчысы. Каракеева тазалык жөнүндө түшүнүктү соцтармактар аркылуу элге жеткиргенге аракет кылат.

Кыргыз Кино үйү менен 2 легендарлуу инсанды байланыштырышат. Алардын бири Аваз Момуналиев. Анын сүрөтүн дагы шаарбыздан көрө алабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан