Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча делегациясы менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жетектеген делегация менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Өкмөт башчы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, анын экономикалык, экологиялык, социалдык жактан кеңири пайдасы жана өлкө үчүн жана Борбор Азия аймагы үчүн келечеги бар экенин белгиледи.

Тараптар Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун быйыл апрелде боло турган “жазгы жолугушууларын”, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Австрияда боло турган энергетикалык форумун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Наквини өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан