"Өлүмдү суранышат". "Крокуста" теракт уюштургандарды кандай жаза күтүп турганы айтылды

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" теракт уюштурууга шектелип кармалгандарды сот күнөөлүү деп тапса, аларды кармоонун өтө оор шарттары күтөт. Бул тууралуу кечээ, 27-мартта Москванын Коомдук байкоочу комиссиясынын жооптуу катчысы Алексей Мельников РИА Новостиге билдирген.

"Террордук акт жасагандарды эч кандай жакшылык күтпөйт. Өмүрүнүн акырына чейин табыт деп аталган жерде болушат (бул 4-6 чарчы метрдик камера). Бул камерада алар колдору артка болуп, ийилген абалда гана кыймылдай алышат. Алар бири-бири менен байланыша алышпайт жана дагы жакындарын, балдарын экинчи көрбөйт", - деген ал.

Укук коргоочу өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын психикасы үчүн өтө оор шарттар бар экенин түшүндүрдү. Ал ошондой эле бул жазанын ордуна абактагылардын көбү тез өлүмдү суранышарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан