Ысык-Көлдө жол жээгиндеги бак-дарактар кыйылууда (видео)

Ысык-Көлдө унаа жолдун четиндеги бак-дарактар кыйылууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик 1-апрелден тарта Ысык-Көл айланма жолунун "Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо" долбоору боюнча курулуш иштерин баштайт. Мындан улам кээ бир тилкелерде көп сандагы дарактарды кыюуга туура келүүдө.

Мекеме бул иштер унаа жолду кеңейтүү, чукул кайрылыштарды түздөө жана кырсыктардын кесептин азайтуу максатында жасалып жатканын белгилеп, бак-дарактарды кыюу кырдаалдан келип чыккан аргасыз чечим экенин билдирди. Бактарды кыюу иштерин подрядчы "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясы жүргүзүүдө.

Жаңы салына турган жолдун болжолдонгон багыты учурдагы жол менен өтөт. Эки тилкелүү унаа жолу эми төрт тилкелүү болуп кеңейтилип, анын туурасы 21,6 метрди түзөт. Унаа жол Ысык-Көл районунун Корумду айылынан башталып, аягы Түп районунун Балбай баатыр айылын камтыйт. Маршрут 17 калктуу конуштар аркылуу өтөт.

Долбоордо жолду жашылдандыруу каралган. Кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Жолдун оң жагына күн жакшы тийүүсү үчүн жапыз өскөн бак-дарактардын түрлөрү отургузулат.

Ысык-Көлдө жол жээгиндеги теректер кыйылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан