Ош облусундагы Кара-Суу районунда, №45 Жол тейлөө ишканасынын базасында жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда саналуу киши иштеген чакан цех сынамык иретинде күнүнө 30-40 белги чыгарууда.
Эске салсак, былтыр министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылган.