Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, цехтин ачылышына транспорт министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышты.

Министр буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетерин билдирип, биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

"Жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Орусиядан алынып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. Азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Тилек Текебаев жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга баш бакты. Жабдуулардын абалы, алардын иштеши тууралуу маалыматты угуп, тиешелүү жетекчилерге курулуш материалдарын сыноодон өткөрүү белгиленген эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан