Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарында катталган катуу шамалдын кесепетинен 11 мектеп жана 8 бала бакчанын имаратына зыян келген.

Мэриядан билдиришкендей, көпчүлүк учурда имараттардын чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине дарактар кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган дарактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Белгилей кетсек, комиссия буга чейин чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн борбордогу бардык билим берүү мекемелеринин сапатын текшерет.

Эске сала кетсек, 1-апрелге чейин мектеп окуучулары каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында бүгүн саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундага жеткен катуу шамал болуп, кыйроолор жана жабыркагандар катталган. Мындан улам Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.