Бишкектеги катуу шамалдын айынан эки адам жаракат алды

Бишкек шаарындагы катуу шамалдын кесепетинен эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жабырлануучулардын бири 14 жашта болсо, экинчиси 41 жашта.

Темир чатыр 14 жаштагы өспүрүмдүн үстүнө кулап түшкөн. Окуя Киев көчөсүндө болгон. Ал жамбаш сөөгүнүн сынышы, баш мээнин жабык травмасы, маңдай бөлүгүнүн жаракаты диагнозу менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Щербаков/Элебесов көчөлөрүндө 41 жаштагы аял отурган унаага дарак кулаган. Ал баш мээнин жабык травмасы, баш мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында бүгүн саат 16:20 чамасында ылдамдыгы 18-26 метр секундага жеткен катуу шамал катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан