Президент АКШ сенаторун кабыл алды. Эмнелерди талкуулашты?

Кечээ, 28-мартта президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Сенатордун Кыргызстанга жасаган сапары ийгиликтүү болуп, эки өлкө менен элдердин ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан “C5+1” (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну уланта турганын айтты.

Мындан тышкары, президент кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Стив Дэйнс өлкө башчысына Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан