Санкт-Петербург шаарында КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын эксперттик кеңештеринин жыйындары болуп өттү

КМШ ПААнын Кеңешинин баш катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин КМШ ПААнын ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кызматкерлери Мария Исанова, Жылдыз Собурова менен биргеликте КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясына караштуу илим жана билим боюнча эксперттик кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Аталган эксперттик кеңештин жыйынына 11 маселе коюлуп, анын алкагында эл аралык академиялык алмашуунун ченемдик жөнгө салуу боюнча сунуштамалардын долбоору, "Илим цитатасынын эл аралык индекси" эл аралык системасы жана башка жөнүндө маселелер каралды.

Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү жыйындын катышуучуларынын көңүлүн КМШнын бирдиктүү илимий жана билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди мындан ары координациялоо зарылчылыгына бурушту.

Шабданбек Алишев УКМКнын укуктук камсыздоо кызматынын башчысы Самидин уулу Сагынбек жана Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо жана аскердик мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы С.Б. Кулманбетов менен биргеликте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин алдындагы Эксперттик-консультативдик кеңештин жыйынына катышты.

Жогоруда аталган Эксперттик-консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында 13 маселе күн тартибине коюлуп, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекеттер үчүн сунуштамалардын долбоору каралды: улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көлөмдүү маалыматтарды түзүү жана пайдалануу боюнча улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгуу жөнүндө; ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө; маанилүү маалыматтык инфраструктуранын коопсуздугу жаатында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жазык жана административдик-укуктук мыйзамдарын конвергенциялоо жана шайкеш келтирүү жөнүндө; ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик-патриоттук тарбиялоо жана агартуу жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө маселелер талкууланды.

Кыргызстандын өкүлдөрү бардык документтердин долбоорлорун колдоп, уюмга кирген мамлекеттердин мыйзамдарын жакындатуу жана шайкеш келтирүү боюнча аракеттерди мындан ары координациялоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан