Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Бул тууралуу бугүн, 29-мартта Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 29-мартта Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти. Ошондой эле Кыргызстан жана Тажикстанстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.