Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат

1-3-апрелде малайзия тараптын чакыруусу менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат.

ТИМдин маалыматына ылайык, сапардын алкагында Кулубаевдин Малайзиянын тышкы иштер министри Утама Хаджи Мохамад бин Хаджи Хасан жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары өтөт.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан