Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу мыйзамы комитетте жактырылды

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.

Ага ылайык, өлкөдө көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салынат.

Мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев баштаган 25 депутат демилгелеген. Документ жарандардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.

"Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес", -деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан