"Ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар". Аскат Алагөзов министрлерге кайрылды

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасы аркылуу облус жетекчилери, жергиликтүү бийлик президенттин жарлыгын аткарбай жатканын жазды.

"Урматтуу министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү!

Айрымдарыңыздар Садыр Жапаровдун жарлыгын буйтап, аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатканыңыздар тууралуу маалыматтар бар.

Кеп, үстүбүздөгү жылдын 30-январында президент Садыр Жапаров кол койгон “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө жарандар үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы тууралуу болууда.

Бул жарлыкка ылайык жер жерлерде жер тилкелери жарандарга ипотекалык негизде турак жай куруу үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилиши керек болчу.

Бирок, учурда белгиленген жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга бербөөнүн айласын издеп “бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир” деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда",-деди Алагөзов.

Мындан тышкары ал эгерде жарлык бир айдын ичинде аткарылбаса ээлеген кызматтарынан бошотулары тууралуу эскертти.

"Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү!

Ар бириңиздер президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген Жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар.

Ал үчүн мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып иш алып барыңыздар. Мамлекеттик ипотекалык компания өзү дагы бул багытта иш алып барууда. Бирок мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүлөрү биринчи кезекте өз аймактарында калкты турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты илгерилетүүгө кызыкдар болушу кажет",-деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан