Депутат Түлөбаев бийликти электр жарыгын арзандатууга чакырды  (видео)

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президентке кайрылуу жасап, электр энергиясын арзандатууну сунуштады.

"Акыркы убактарда кайра эле баягы эски жолго түшүп алдык. Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен сизге кайрылат элем. Кичине командаңыздан абайлаш керек болуп жатат. Светтин баасын кайра көтөрүп жатат. Бул коркунучтуу нерсе, муну өткөнбүз. Башында айтпадыңар беле, "могу тарифти эле көбөйтүп берип койсоңор светти кайра алып келбейбиз, көбөйтпөйбүз" деп. Эми экинчи, анан үчүнчү этабы келеби? Элди кыдырып келдик, аябай нааразычылык көп. Бул билинбей жыйыла берет, кичине акырындан эсибизге келбейлиби, урматтуу өкмөт", - деди Түлөбаев.

Эске салсак, буга чейин өкмөт 1-майдан тартып электр энергиясына болгон тариф 10,8 пайызга көтөрүлөрүн маалымдаган.

Жогорку Кеңеш 01.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан