Ош облусунун Өзгөн районунун Архитектура башкармалыгына Акылбек Салиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Ага ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Азамат тааныштырды.
"Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан Салиевге райондун курулуш чөйрөсүн иретке келтирүү, аймактын инфраструктурасынын жакшырышына изденүү менен талыкпай кызмат кылуу тапшырмасы коюлду", - деп айтылат маалыматта.