Казакстан Кытайдын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү болуп саналат, ал аймактагы Кытайдын соодасынын жана инвестициясынын жарымын түзөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Хайнань провинциясында өтүп жаткан Боао Азия форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Токаевдин айтымында, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү тарыхый рекордго жетип, 41 миллиард долларды түзүп, 2023-жылы мамлекеттер ортосундагы жүк ташуу көлөмү 22 пайызга өсүп, дээрлик 30 миллион тоннаны түзгөн.
Мындан тышкары ал казакстандык инвестициялар стратегиялык жактан "Бир алака, бир жол" демилгеси менен байланышкан жана заманбап мультимодалдык, экологиялык жактан таза жана туруктуу инфраструктураны түзүүгө багытталгандыгын кошумчалады.
Казакстандын президенти дүйнөлүк экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн технологиялык кызматташтыкты, өзгөчө жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүнү маанилүү деп эсептейт. Бул контекстте ал Кытай тарабынан башталган "Жасалма интеллект башкаруу боюнча глобалдык демилгени" колдоду.
"Казак-кытай мамилелери натыйжалуу өнөктөштүктүн үлгүсү. Анын алкагында Казакстан Кытайдын Борбордук Азиядагы негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп калды",-деди казак лидери.
Ошондой эле Токаев Казакстандын жаңы экономикалык курсуна өзгөчө көңүл бурду. Ал белгилегендей, өткөн жылы Казакстан Республикасынын экономикасынын өсүшү 5,1 пайызын түздү, бул дүйнөлүк экономиканын болжолдонгон өсүү темпинен дээрлик эки эсе көп.
Мындан тышкары, Токаев Боао форуму геосаясий туруксуздук жана экономикалык башаламандык менен шартталган глобалдык белгисиздиктин фонунда диалог жана эл аралык кызматташуу борбору катары маанилүү ролду ойной тургандыгын белгилеп өттү.
Президент баса белгилегендей, дүйнө адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделген жаңы көп тараптуу соода системасына муктаж.
"Бүгүнкү күндө соода тоскоолдуктарынын өсүшү, протекционизм жана келишимдердин бузулушу дүйнөлүк экономикага олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн адилетсиз соода тоскоолдуктарын жоюу жана санариптештирүү аркылуу жеткирүү түйүндөрүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу керек", - деп эсептейт Касым-Жомарт Токаев.