Бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапар менен келген Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономдук районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө санариптештирүү, транспорттук логистика, инвестиция, айыл чарба жана гуманитардык багыт сыяктуу тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Конок менен салам алышып жатып, мамлекет башчысы былтыр май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарын жылуу сезим менен эстей турганын белгилеп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.
Садыр Жапаров СУАР менен кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана биргелешкен долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин жана «Борбордук Азия – Кытай» форматынын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө ар дайым даяр.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы жалпы кызыкчылыкка толугу менен жооп берген Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук байланыштар, өз ара ишеним баардыгын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ошондой эле региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Президент Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин айтты. Ал масштабдуу биргелешкен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун ийгиликтүү илгерилешин канааттануу менен белгиледи.
Эркин Тунияз өз кезегинде Кыргызстанга чоң делегация келгенин, алардын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр 50дөн ашык ири компаниялардын өкүлдөрү бар экенин белгиледи.
Мындан сырткары буга чейин эки тараптын жетекчилигинин деңгээлинде талкууланган жана аларды иш жүзүнө ашырууга даяр болгон долбоорлорго алар ар дайым чоң маани берээрин баса белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстандын СУАР менен товар жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарынын ийгиликтүү жана үзгүлтүксүз ишине өзгөчө көңүл бурушту, бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы андан ары да көбөйтүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.