"Крокустагы" теракт: Кыргызстандык Исламга Орусиядагы университетке окууга грант берилди

Бүгүн, 2-апрелде "Крокус Сити Холлдо" болгон терактта 100дөн ашык адамды куткарып калган он беш жаштагы Ислам Халилов Мамлекеттик Думада сыйланганын РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, "Кыргызстан менен достук коому" автономиялык коммерциялык эмес уюмунун демилгеси менен Халиловго Орусиянын жогорку окуу жайларынын бирине окууга грант берилген. Сыйлык тапшыруу аземине аталган уюмдун өкүлдөрү, өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин дипломаттары катышкан.

Буга чейин Ислам жасаган эрдиги үчүн Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыгына татыган. Мындан тышкары орусиялык ырчы Моргенштерн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Исламга 1 миллион рубль сыйлык бергенин жарыялаган.

Эске салсак, Моквадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт 22-марттын кечинде орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан