Депутат Исхак Масалиев Мадумаровду абактан чыгаруу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 3-апрелдеги парламенттин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын атынан сөз сүйлөдү. Жыйында ал Мадумаров абакта мыйзамсыз кармалып жатканын сынга алды.

"28-мартта Сатарбек уулу Мирбек аттуу сот кылмыш ишин карап, өкүмүн чыгарды. Эки кылмыш иши боюнча Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасын койгон эмес. Ушу жерде биз башынан айтканбыз мөөнөтү өтүп кеткен, кылмыш болгон күндө да кыскартып, кылмыш иш козгобош керек болчу. Юриспруденция тарыхында мындай биринчи жолу болуп атат. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 359-беренесинде мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иши кыскарып, жаза колдонбосо эркиндикке чыгыш керек деп так жазылып турат. Бирок сот өкүм күчүнө кирмейинче, чыкпайт деп айтып атат. Бошотуш керек. Алты ай абакта отургузуп, аягында жаза колдонбойбуз деген бул кандай сөз?" деди эл өкүлү.

Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралып, соттун чечими чыккан. Соттун чечимине ылайык, Мадумаров күнөөлүү деп табылып, Кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан